Генералдык штабдын башчысынын куттуктоосу

Генералдык штабдын башчысынын куттуктоосу

Генералдык штабдын башчысынын куттуктоосу

Жолдош жоокерлер жана

сержанттар, прапорщиктер,

офицерлер  жана генералдар!

Урматтуу КР Куралдуу

Күчтөрүнүн ардагерлери!

 

Сиздерди 2021-Жаңы жылыңыздар менен өзүмдүн, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилигинин жана Коллегиясынын мүчөлөрүнүн атынан чын жүрөгүмдөн  куттуктайм!

Куралдуу Күчтөрдүн жалпы өздүк курамы 2020-жылы өлкөбүздүн аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча коюлган тапшырмаларды кесипкөйлүк менен аткарып, күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыктын тиешелүү деңгээлин кармап, аскердик жана укуктук тартипти сактап, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен өтөштү.

Урматтуу кесиптештер!

Ар бириңиздер аскердик ишиңиздерде жогорку уюшкандык менен тартиптүүлүктү көрсөтүп, аскердик антыңыздарга жана милдетиңиздерге бекем туруп,  берилүү менен аткарып жатасыздар.  Жаңы жыл кирип келген түнү аскер кызматчылары жакындарынан алыс жерлерде, күжүрмөн күзөттөрдө, кароолдордо, посттордо кызматын өтөшөт. Анкени, сиздер өлкөнүн жаркын келечегинин, тынчтыгынын, аскердик коопсуздугунун  жана биримдигинин кепилдигисиздер.

Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамын, жалпы эле аскер кызматчыларын, ардагерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн дагы бир ирет Жаңы жыл менен куттуктайм.

Баардыгыңыздарга Мекен алдында койгон ыйык милдетти аткарууда биримдикти, ийгиликти, жогорку жоопкерчиликти, бекем ден соолук жана кайратман эмгекти каалайм.

2021-жыл-кыргыз армиясы жана кыргызстандыктар үчүн ак жолтой жылдардан болсун!

 

    Кыргыз Республикасынын

    Куралдуу Күчтөрүнүн

    Генералдык штабынын башчысы

    генерал-майор Т. Омуралиев