Аскерлер кайрымдуулук иш-чараларын...

Аскерлер кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүдө

Аскерлер кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жаңы жылы менен куттуктоо иш-чараларын өткөрүүдө.
Алсак, 2020-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин өздүк курамы Үмүт-Надежда балдар реабилитациялык борборуна барып, андагы наристелер менен жолугушуп, жаңы жылдык белектерин тапшырды. Белектер менен бирге аталган борборго зарыл болгон тамак-аш продуктуларын да беришти. 
Ушундай эле кайрымдуулук иш-чарасы Генералдык штабдын 02371 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы дагы өткөрүп, эки кызды жалгыз тарбиялап жаткан Данияр Сыдыковдун кыздарына жаңы жылдык белектерин, жылуу кийимдерди жана тамак-аш продуктуларын беришти. Данияр Сыдыковдун 10 жаштагы кызы тубаса ооруу менен ооруп келет.  Экинчи кызы 2 жарым жашта.
Мындай жөрөлө салтка айланып, жыл сайын аскерлер мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана балдар борборлорундагы наристелердин көңүлүн көтөрүү иш-чараларын өткөрүлүп келет.