Командалык-штабдык машыгуу

Командалык-штабдык машыгуу

2020-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 73809 аскер бөлүгүнүн “Ала-Тоо”  күжүрмөн даярдоо борборунун базасындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдары менен КР КК тарабынан өзгөчө кырдаалдар учурунда аткарылган милдеттерди практика жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында комплекстүү командалык-штабдык машыгуу болуп өттү.

Машыгуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамы жана жетекчилиги - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкаруу органдарын жана аскерлеринин (күчтөрүн) күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлине келтирүү, чечимдерди кабыл алуу жана өзгөчө кырдаалды сактоо боюнча аскерлерге (күчтөргө) тапшырмаларды  берүү аскерлерди (күчтөрдү) тапшырманы аткаруучу аймактарына жылдыруу маселелерин, аскерлерди өзгөчө кырдаалдар шартында башкарууну уюштуруу, өзгөчө кырдаал режимин сактоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарууну иштеп чыгышты.

Ушул максаттарда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн “Ала-Тоо” окуу борборунда жайгаштырылган өткөрүү пунктунда аскер кызматчыларынын  иш-аракеттери, ошондой эле кызмат өтөө жана кайгуул-күзөт жүргүзүү, документтерди текшерүү, элди жана автоунааларды өткөрүү, адамдардын агрессивдүү топторун тосуу жана зыянсыздандыруу боюнча ар кандай эпизоддор Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.

Маневрлардын жүрүшүнө КР КК Генералдык штабынын жетекчиси генерал-майор Т.Омуралиев, КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик башкаруу органдарынын өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар, укук тартиби бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү,ошондой эле “Элдик Кошуундар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы Д.Дербишалиев байкоо салып турушту.

Кыргыз Республикасында үстүбүздөгү жылдын март жана октябрь айларындагы коомдук-саясий абалды турукташтыруу жана коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында киргизилген өзгөчө абалдагы топтолгон тажрыйба командалык-штабдык машыгуунун негизин түздү.