2020-жылдын 1-декабрында Куралдуу Күчтөрдүн бардык кошуундарында, мекемелеринде , аскер бөлүктөрүндө жаңы окуу жылы башталды.
2020-жылдын 1-декабрынан, 3-декабрына чейин аскер бөлүктөрдө күжүрмөн жана мобилизациялык жана коомдук-мамлекеттик даядыктар боюнча сабактар күчтөрдү даярдоо планына ылайык өткөрүлүүдө. Ошондой эле, башкаруу органдарын, күчтөрдү жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка алып келүү боюнча комплекстүү машыгуулар жүрүүдө.
2020-жылдын 3-декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Таалайбек Омуралиев оперативдик-талаалык иш-сапары менен КР түштүк регионунда болду.
Генералдык штабдын башчысы иш-сапарында өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрдүн кызматтык ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Мындан тышкары камсыздоонун бардык абалын, мобилизациялык жана күжүрмөн даярдык боюнча документ жүргүзүүлөрдү жана күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин текшерди.
3-декабрда генерал-майор Т. Омуралиев КР КК Кургактагы аскерлеринин 30630 аскер бөлүгүндө болуп, жалпы кызматтык ишмердүүлүктөр боюнча маселелерди угуп, аскер бөлүктүн окуу-материалдык базасын көрдү. Өздүк курам менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Текшерүү учурунда Генералдык штабдын башчысы жетекчилерге жана офицерлерге аскер кызматчылардын коопсуз кызмат кылуусун, ден-соолугун, аскердик тартиптин бекем сакталышын, жалпы уставдык талаптардын жана КР мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылууга жеке жоопкерчилик алуусуна тапшырмаларды койду.
Оперативдүү талаа чыгуулар үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында жыйынтыкталмакчы.