Куралдуу Күчтөрдө жаңы окуу жылы башталды

Куралдуу Күчтөрдө жаңы окуу жылы башталды

Куралдуу Күчтөрдө жаңы окуу жылы башталды

2020-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жаңы окуу жылы башталды.

Планга ылайык 2020-жылдын 1-декабрынан 3-декабрына чейин аскерлерде күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык боюнча тактикалык-катардык көнүгүүлөр өткөрүлөт.

Окуу жылынын башталышынын алгачкы күнүндө, 1-декабрда КР  Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер бөлүктөрдөрдө жана мекемелерде, КР коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинде, Кургактагы аскерлерде, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүндө, Улуттук Гвардияда жаңы окуу жылынын башталуусун белгилеген митингдер жана коомдук-мамлекеттик даярдыктан сабактартар болду.

Сабактардын жүрүшүндө аскер кызматчылар учурдагы Борбор-Азия регионундагы аскердик-саясий абал менен таанышты.  Ошондой эле, өздүк курамдын күжүрмөндүүлүгүн арттыруу иштерин дагы каралды.

Өткөрүлгөн иш-чаранын практикалык элементи болуп - башкаруу органдарын жана күчтөрүн жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка алып келүү боюнча өзүнчө-штабдык машыгуулар саналат.

Жаңы окуу жылына даярдык учурунда Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилеринен турган топ бир катар кошуундарда, мекемелерде, бөлүктөрдө күжүрмөн жана мобилизациялык,аскердик тартип менен аскерлер кызматынын абалын, ошондой эле бөлүктөрдүн материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалуусун кароо масатында болгондугун белгилеп койсок болот.