Генералдык штабдын башчысы РФ КК  Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушту

Генералдык штабдын башчысы РФ КК Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугушту

 
2020-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Таалайбек Омуралиев Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун командачысы генерал-полковник Александр Лапин менен жолукту.
 
Жолугушуу учурунда генерал-майор Т.Омуралиев Россия Федерациясы Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү экендигин, эки өлкөнүн ортосунда ар тармактуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүндө таасирдүү өнүгүү потенциалы бар аскердик жана аскер-техникалык тыгыз кызматташуу түзүлгөндүгүн белгиледи.
        
Аскерлердин ыкчам жана күжүрмөн даярдыгы, аскер кызматчыларын  окутуу, аскердик продукцияны кайтарымсыз жеткирүү жаатындагы биргелешкен иш-чаралар мунун анык далили  болуп саналат.
        
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы бүгүнкү күндө тараптар кыргыз-орус аскер кызматташтыгынын мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган келишимдик документтердин пакети иштелип жатканын  баса белгиледи.
        
Жолугушуунун соңунда генерал-майор Т.Омуралиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу аскердик жана аскер-техникалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.
        
Ушул эле күнү КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары  полковник Нурлан Кирешеевдин РФ  Куралдуу Күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун командачысы менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Анда эки өлкөнүн коргонуу ведомстволорунун маанилүү суроолору талкууланды. Ошондой эле, Борбордук Азия аймактарындагы аскердик-саясий кырдаал, КР Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын  Эл аралык армия оюндарына  катышуусу жөнүндө пикир алмашуулар болду. Мындан тышкары КР Куралдуу Күчтөрүнүн ыкчам жана атайын даярдык чөйрөсүндөгү башкаруу органдарынын жана аскерлеринин (күчтөрүнүн) дареметин жогорулатууга багытталган  2021-2025-жылдарга жол картасынын долбоорун даярдоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.