Аскер-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу...

Аскер-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктар алынды

Аскер-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктар алынды

 

Кыргыз-венгрия саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, Венгрия Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн II даражадагы аскер-талаа госпиталы үчүн мобилдүү суу тазалоочу жабдыктарды берди.

2020-жылдын 20-ноябрында «Hungarian Water Technology Corporation Ltd.»  компаниясы тарабынан берилген жабдуулар  темир жол аркылуу алып келинип,   аны Кыргыз Республикасынын коргоо ведомствосу  кабыл алды. Бул жабдуулар Венгриянын суу өнөр жай технологиясы болуп саналат жана алар кайтарымсыз берилди.

Аталган жабдуулар келечекте БУУнун тынчтык операцияларына катышуу алкагында автономдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берет жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн II даражадагы аскердик талаа госпиталынын дареметин  кыйла жогорулатат.