Жыл жыйынтыгы чыгарылды

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

2020-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунун базасында Куралдуу Күчтөрдүн 2020-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Коллегиясынын отуруму болуп өттү.

Өткөрүлгөн иш-чаралар КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Таалайбек Омуралиевдин жетекчилигинин астында өтүп, ага КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев, КР Аскер прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышты.

Жыл жыйынтыгын чыгаруунун жана Коллегиянын отурумунун жүрүшүндө Генералдык штабдын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, КР мамлекеттик чек ара кызматынын ишмердүүлүгү жөнүндө докладдар угулду. Ошондой эле, оперативдик,  күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык, аскердик тартипти чыңдоо, материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жыйынтыктар чыгарылды. Ошону менен бирге, алдыда  Куралдуу Күчтөрдү реформалоо жана курулушун өнүктүрүү маселелери каралды.

“Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыздоо боюнча Куралдуу Күчтөрдүн өздүк курамына коюлган тапшырмалар коронавирус инфекциясынын таралышына байланышкан кыйынчылыктарга карабай толугу менен аткарылды”-, деп баса белгиледи Генерал-майор Т.Омуралиев өз сөзүндө.

Иш-чаранын соңунда генерал-майор Т.Омуралиев 2021-жылга карата өздүк курамга тапшырмаларды койду. Жыл жыйынтыгы боюнча аскердик башкаруунун мыкты органы катары өтмө вымпелди Кургактагы аскерлерге тапшырды. Ошондой эле, 2020-окуу жылында өзгөчөлөнгөн бир катар аскер кызматчыларын сыйлады.