Жаш жоокерлер ант беришти

Жаш жоокерлер ант беришти

2020-жылдын 6-7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10126 жана 10127 аскер бөлүгүнүн жаш жоокерлеринин ант берүү аземи “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде болуп өттү.

Жаш жоокерлер бир ай ичинде аскердик турмушка көнүгүү программасын, анын ичинде күн тартип, аскердик Уставдын жоболорун жана кызматтык милдеттерин окуп үйрөнүштү. Жогоруда аталган сабактардан кийин гана Мекен алдындагы антын беришип, өлкөбүздүн эгемендигин коргоо тапшырмасын аткарууга киришет.

Иш-чара жылдагындан айырмаланып, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ата-энелеринин жана жакындарынын катышуусуз өттү.

Салтанатка Коопсуздук кеңешинин катчысы генерал-майор Рыскелди Мусаев,   Улуттук гвардиянын жетекчилиги жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты