Өзгөчө абал режими

Өзгөчө абал режими

          Массалык тартип бузуулардын натыйжасында  адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч менен коштолгон татаал кырдаал түзүлдү. Ушуга байланыштуу жарандардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тезинен турукташтыруу, курал колдонгон кагылышууларды алдын алуу максатында Бишкек шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20:00 баштап 2020-жылдын 21-октябрынын саат 8:00 чейин  өзгөчө абал киргизилди.

         Аталган Жарлыкты аткаруу үчүн КР Куралдуу Күчтөрүнүн  Генералдык штабы өзгөчө абал режимин кармоо жана камсыздоо боюнча Планды иштеп чыкты жана бекитти. Анда кызмат өтөө тартиби, күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүү такталды, ошондой эле ИИМ, МУКК, башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүнү уюштуруу жолдору аныкталды.

         Укуктук тартипти жана тынч жаткан калкты коргоону камсыздоо боюнча негизги тапшырмаларды аткаруу автомобилдик жана сооттанкалык техникада кайгулдоо, Блок-посттордо ички иштер органдарынын кызматкерлери жана элдик кошуундардын мүчөлөрү  менен биргеликте кызмат өтөө аркылуу ишке ашырылууда.

         Бардык жарандарды түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алып, өзгөчө абал режиминин талаптарын сактоого чакырабыз.