Запастагы офицерлер

Запастагы офицерлер

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөн жогорку билимдүү жоокерлерден запастагы офицерлерди даярдоо боюнча бир айлык окуу жыйыны соңуна чыкты.

Экзамендердин жүрүшү жана лейтенант аскер наамын тапшыруу салтанаттуу аземи 2020-жылдын 8-10-октябрында КР ККнын Күжүрмөн даярдоо борборунда жана 36806 аскер бөлүгүнүн окуу талаасында жүрдү.

Биринчи офицердик аскер наамына 200 чукул жоокер ээ болушту. Бул жоокерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарында жана аскер бөлүктөрүндө 11 ай мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөндөр аталган окуу жыйынга келишкен.

Жыйындын катышуучулары окуу жыйынынын учурунда взвод командиринин кызматтык ишмердүүлүгү жана аскер илиминин теорияларын ж.б. окуп, аларды практикада бышыкташты.

 Жыйынтыктоо алдында жоокерлер комплекстүү экзамен тапшырышып, аны ийгиликтүү тапшыргандар гана офицердик “запастагы лейтенант” аскер наамына ээ болушту. Алдыда бул жоокерлер курч атаандашуу менен жеӊип алган аскер наамын мамлекеттик кызматтарда, анын ичинде күч органдарында иштөө менен пайдалана алышат.