Сыйлыкка татыгандар

Сыйлыкка татыгандар

2020-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы менен каршы күрөштө өзгөчөлөнгөн жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды  тапшырды.
Мамлекеттик сыйлыктар менен Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары, медицина кызматкерлери, куткаруу кызматы, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери, медицина факультеттеринин ыктыярчы-студенттери, журналисттер сыйланышты.
«Мен жалпы элибиздин тилектештигин, ынтымагын дагы бир ирет өтө сыймыктануу менен белгилейм. Кары-жашына, ээлеген кызматына карабай чын дилинен элге жардам беришкен азаматтарыбыз көп болду. Эл биримдиги жүздөгөн жарандырыбыздын өмүрүн сактады», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшкөндөрдүн каарман эмгектери менен таза ниеттерине бүткүл өлкө күбө болгонун белгиледи.
«Сиздер журтубузга түшкөн оор күндөрдү бийик абийир, ар намыс, жогорку атуулдук милдет менен өткөрдүңөр. Күнү-түнү тыным көрбөй, чарчадым чаалыктым дебей, өзүңөргө, ата-энеңерге, балдарыңарга, жакындарыңарга болгон коркунучка карабай, катаал илдет менен кармаштыңар», — деп баса белгиледи Президент.