Аскердик-спорттук оюн

Аскердик-спорттук оюн

2020-жылдын 1-октябрында Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбаев атындагы  Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунун  80 жылдык  мааракесине карата  1-курстун взводдорунун арасында  аскердик-спорттук оюндар  өткөрүлдү.

Аталган сынак 4 этапты камтыды: биринчиси- курал менен 3 км аралыкка басып өтүү, экинчиси- Радио химиялык жана биолгоиялык коргонуунун стандарттарына ылайык коргонуу каражаттарын кийүү, үчүнчүсү- Калашников АК-74 автоматын чачуу жана чогултуу жана акыркы этабы- пневматикалык мылтык менен буталарды атуу жана Ф-1 гранатасын ыргытуу.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун башчысы полковник Р.Шаршембиев мындай иш-чаралар ден-соолукту чыңдоо, спорттук чеберчиликтин деңгээлин жогорулатуу жана курсанттардын физикалык жактан сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүп туруусу керектигин белгилеп кетти. Ал эми

 Сынакта өзгөчөлөнгөн курсанттарга дипломдор жана ардак грамоталар тапшырды.