Мамлекеттик тил күнү

Мамлекеттик тил күнү

2020-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 92843 аскер бөлүгүндө жана КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата жоокерлердин бөлүмчөлөрүнүн арасында сынак өткөрүлдү.
Сынакта жоокерлер Манас айтышып, кыргыз акындарынын ырларын көркөм окушуп, мекенчилдик ырларды аткарышып өздөрүнүн таланттарын көрсөтүштү. Сынакты атайын калыстар тобу баалап, татыктуулар аскер бөлүктөрдүн командирлеринин ардак грамоталары менен сыйланышты.