Коргоо министрлеринин отуруму

Коргоо министрлеринин отуруму

2020-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дуйшенбиев башында турган делегация КМШга шериктеш мамлекеттердин, ШКУга мүчө мамлекеттердин, ЖККУга мүчө мамлекеттердин  коргоо министрлеринин (коргоо ведомстволорунун башчыларынын) отурумуна катышты. Отурум Москва шаарында Россия Федерациясынын төрагалыгында өттү.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик  Жеңиштин 75-жылдыгын эскерүү уникалдуу форматтагы  иш-чарасы Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги тарабынан демилгеленген.

Коргоо ведомстволорунун жетекчилери жыйындын жүрүшүндө  аймактык, эл аралык коопсуздук жана коронавирус инфекциясынынын жайылуусу менен күрөшүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, алдыда аскердик кызматташтыкты заманбап шарттарда өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.  

Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар менен биргелешкен коммюнике жана 1941-1945-ж. Улуу Ата-Мекендик согушту Жеңгендигинин 75 жылыгына,  дүйнөлүк экинчи согуш боюнча билдирүүлөр кабыл алынды.  

Уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы аскердик кызматташтыкты пландуу өнүктүрүү максатында 15ден ашык чечимдерге кол коюлду.

КМШ шериктеш мамлекеттердин жана ЖККУ мүчө мамлекеттрдин коргоо ведомстволорунун башчыларынын биргелешкен жыйындын жүрүшүндөгү кабыл алган чечимдери аскердик айдыңда өз ара пайдалуу  кызматташыкты чыңдоону ишке ашырат жана коопсуздукту камсыз кылуу сферасындагы иш-чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.