Россиядан келген даарыгерлер өз иштерин...

Россиядан келген даарыгерлер өз иштерин жүргүзө баштады

Россиядан келген даарыгерлер өз иштерин жүргүзө баштады

          2020-жылдын 23-июлунда Кыргызстанга Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинен келген аскер медицина кызматкерлеринин эки бригадасынан турган топ Ош шаарындагы  аскер госпиталына алдыдагы ишин жүргүзүү үчүн учуп кетти.

         Эске салсак, 22-июлда Кыргызстанга 20 аскер доктурлары келген. Алар Ош жана Бишкек шаарындагы аскер госпиталдарында бир ай ичинде коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам бермекчи.

         24 -июлдан баштап,  6 доктур медайымдары менен турган бригада - эки шаарда тең таанышуудан кийин биргелешкен кызматтарын жүргүзүп, коронавирус менен ооруган оорулуларды, аскер кызматчыларын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, аскер ардагерлерин  дарылоодо консултациялык жана практикалык жардамдарын көрсөтө башташты.

         Бүгүнкү күндө, КР КК бардык аскердик-медициналык мекемелери зарыл болгон дары-дармектер жана жабдыктар менен камсыздалган. Аскердик госпиталдарда жана аскердик бейтапканада текшерүү жана оорулуларды дарылоо, рентген жана анализдерди алуу, ошондой эле ПЦР тесттер жүргүзүлүүдө.