Обсервациялык зона даярдалды

Обсервациялык зона даярдалды

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн балансында турган  мурдагы транзиттик ташуу борборунун аймагында жарандарды кабал алуу жана дарылоо үчүн автономдуу обсервациялык зона даярдалды.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин  Турак жай пайдалануу кызматынын өздүк курамынын күчү менен жалпы аянты 5,5 миң квадраттык чакырымды түзгөн эки кабаттуу алты курулушка капиталдык ремонттор аткарылды. Алардын экөөсү 44 адамга  ылайыкташкан  реанимациялык бөлүм , үчөө дарылоо-терапевдик бөлүм, ал эми 104 адам баткан (52 комнаталуу) медициналык персоналдар үчүн бир курулуш каралган.

220 жабдуулары менен 400 койка орундуктагы палаталар калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн толугу менен жабдылган. Ар бир палатада борборлоштурулган кислороддук  система, кондиционерлер, жуунучу бөлмөлөр орнотулган.

Бүгүнкү күндө обсервациялык зонанын бардык сырткы  аймактары жарыктандырылып, ички жолдорго бетон  төшөлдү.       Электроэнергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күчтүүлүгү 1000 кВт. трансформациялык  подстанция орнотулду.