ЖККУ аскер комитетинин отуруму

ЖККУ аскер комитетинин отуруму

 2020-жылдын 3-июлунда Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы,  армиянын генералы Валерий Герасимовдун жетекчилиги алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим жөнүндө уюмунун  Аскердик комитетинин отуруму болуп өттү.

Иш-чара ЖККУда  Россия Федерациясынын төрөгалык кылуусунда видеоконференциялык байланыш режиминде өттү.

Отурумга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын атынан Кыргыз Республиксынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары полковник Нурлан Чомоев катышты.

Отурумдун катышуучулары ЖККУ жооптуу зоналарындагы коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты. Уюмдун уставдык органдарынын чечимдерин  ишке ашыруу процессин такташты жана ЖККУ аскердик негизинин келечегин өнүктүрүү белгилешти.

ЖККУ Аскердик комитетинин кийинки отуруму ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында Россия Федерациясынын аймагында мерчемделген.