Аскер институтунда курсанттардын окууну...

 Аскер институтунда курсанттардын окууну бүтүү салтанаты болуп өттү

Аскер институтунда курсанттардын окууну бүтүү салтанаты болуп өттү

2020-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунда курсанттардын окууну бүтүү салтанаты болуп өттү.

60дан ашык бүтүрүүчүлөр курсанттык погондорун офицердик погондорго алмаштырып, институттун саптык аянтчасында саптык турушта өздөрүнүн окуу жайынын күжүрмөн туусун тосуп алышты.

Жаш офицердин жашоосундагы маанилүү учуру менен жакындан тааныш болгон КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы полковник Эрлис Тердикбаев, КР КИМК аскердик билим берүү башкармалыгынын башчысы полковник Талгат Саалаев жана КР КК Аскер институтунун башчысы полковник Руслан Шаршембиев куттукташты.

Өлкөбүздүн жогорку аскердик окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө төш белгилер, жогорку билими жөнүндө дипломдор тапшырылды. Анын ичинен 8 курсант институтту кызыл диплом менен бүтүрүштү.

Жогорудагы иш-чаранын соңунда офицер болушкан кечээки курсанттар мурунтан калган салт боюнча фуражкасын чечип, тизе бүгүп Аскер институтунун Күжүрмөн туусу менен коштошушту. Иш-чара лейтенанттардын салтанаттуу саптык жүрүшү менен жыйынтыкталды. Республикабыздагы өзгөчө абалга карата киргизилген чектөөлөргө байланыштуу  иш-чара санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо менен  офицерлердин ата-энелеринин жана жакындарынын катышуусуз өттү.

Белгилей кетсек, КР КК Аскер институтунун бүтүрүүчүлөрү үчүн үстүбүздөгү жыл кыйынчылыктар менен коштолду. Негизги сабактар жана экзамендерди тапшыруу менен бирге эле, өзгөчө кырдаалдын режимин камсыз кылуучу санитардык-карантиндик посттордо татыктуу кызмат өтөштү. Ошондой эле, 24-июнда Москва шаарында өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадында бүткүл дүйнөгө саптык чеберчиликтин жана аскердик тартиптин жогорку деңгээлин көрсөттү.