Ант берүү аземи

Ант берүү аземи

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 02626, 36806жана 92843 аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлердин ант берүүсү болуп өттү.
Жаш жоокерлер бир айлык даярдоо курсунан өтүп, жооптуу офицерлер жана старшиналар жоокердин негизги милдеттери болгон аскердик тартип, саптык даярдыктын негиздерин, жалпы аскердик устав, аскердик техникалар жана куралданууну үйрѳтүштү.
Ант берүү аземи жылдагыдан айырмаланып “COVID-19” илдетинин жайылышын алдын алуу максатында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтүп, жоокерлердин ата-энелери жана жакын адамдары катышкан жок.