Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам...

Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам көрсөтүлдү

Коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам көрсөтүлдү

COVID - 19 илдети менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан 22 млн. сомдук  медициналык  гуманитардык жүк берилди.

КР КК Генералдык штабынын башчысы генерал - майор Р.Дуйшенбиев КЭР Кыргызстандагы ыйгарымдуу өкүлү Ду Дэвэньге көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, алынган жардам эки тараптын аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын маанилүүлүгүнүн кезектеги жолу аныктагандыгын билдирди.

Кытай тараптын өндүрүшүнүн стандарттарына жооп берген 13 аталыштан турган жүк КЭР КМ атайын аскер самолеттору менен жеткирилди. Кыргыз  Республикасынын мекемелерине жана аскер бөлүктөрүнө колдонуу үчүн бул гуманитардык жардам жеткирилип берилмекчи. Эскерте кетсек, илдет менен күрөшүүнүн алкагында кытай тараптан көрсөтүлгөн  жардамдын  бул 2- партиясы.