Улуу Жеңишке 75 жыл!

Улуу Жеңишке 75 жыл!

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз Респбликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо   иш-чараларын өткөрүүдө.

2020-жылдын 9-майында КР КК ГШ башчысы генерал-майор Р.Дуйшенбиев баш болгон аскердик огандардын башчылары Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Аспек Джумалиев, Омутай Эгимбаев, Иван Трифонов, Юрия Крупин, Николай Головин, Олег Краморенко, Асад Гасан-оглы Гасанов, Асек Урманбетов, Михаил Сдельниковдорду куттукташты.

Жер жүзүнө тынчтык алып келген үчүн жылуу куттуктоо сөздөрдү менен бирге баатыр-ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун атынан “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юблейлик медаль тапшырды. Ошондой эле, ардагерлерге Россия Федерациясынын Президенти тарабынан берилген «75 лет Победы в Великой Отечественной войне 1941-1945 годов» медаль жана аскер кызматчыларынын талаа аскер баштыгы тапшырылды.

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша ардагерлдерди куттуктоо санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен өттү. Алардын урматына жашаган аймактарында согуш жылдарындагы ырлар аткарылды. Ал эми кечинде Жеңиш аянтында майрамдык салюттар жаңырмакчы.