Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө...

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө радиациондук, химиялык жана биологиялык коргоочу каражаттары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө радиациондук, химиялык жана биологиялык коргоочу каражаттары тапшырылды

2020-жылдын 30-апрелинде «Кант» россия авиабазасында Россия Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө радиациондук, химиялык жана биологиялык коргоочу каражаттары тапшырылды.Алынган жекече коргонуучу каражаттар (противогаздар жана ар кандай коргоочу костюмдар), РХБ коргоонуучу жабдыктар жана медициналык комплекттер менен КР Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын жана анын ичинде КР кээ бир райондорундагы өзгөчө абал режимин камсыздоого тартылгандар камсыздалышат.
 
4,9 млн. сомдук аскердик-тиехникалык жардам КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен Россия Коргоо министрлигинин ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында көрсөтүлдү.