КК ГШ башчысы

 ОМУРАЛИЕВ Таалайбек Барыктабасович

 

         1965-жылдын 2-майында Кыргыз ССРинин Нарын областынын Кочкор районундагы Кочкор айылында төрөлгөн.

         Билими:

         1982-1986-жылдары – Советтер Союзунун Маршалы И.С. Конев атындагы Алма-Атадагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайынын курсанты.

         1998-2000-жылдары – Россия Федерациясынын М.В. Фрунзе атындагы Жалпы аскердик академиясынын угуучусу.

         2008-2009-жылдары Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик академиясынын угуучусу.

         Кызматтык (эмгек) жолу:

         1986-1987-жылдары, Алма-Атадагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын аяктагандан кийин Советтер Союзунун эң татаал (климаттык шарттары боюнча) округунда – Забайкальск аскердик округунда мотоаткычтар взводунун командири болуп кызмат өтөгөн.

         1987-1988-жылдары өз каалоосу менен жана команда боюнча берилген өзүнүн билдирмесинин негизинде мотоаткычтар полкунун гранатометтук взводунун командири болуп Афганистандагы Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамына интернационалдык милдетин аткаруу үчүн жөнөтүлөт. Эл аралык террористтик бандаларга каршы  40тан ашуун күжүрмөн рейддерге жана операцияларга катышкан. Эрдиги жана көрсөткөн каармандыгы, ошондой эле согуштук аракеттер убагында бардык күжүрмөн тапшырмаларды өздүк курамдын жоготуусуз чеберчилик менен аткарып, баш ийген бөлүкчөлөрдү билгичтик менен башкаргандыгы үчүн  “Кызыл Жылдыз ордени” жана ВЛКСМдин Борбордук комитетинин “Воинская доблесть” ардак белгиси менен сыйланган.

         Афганистанда кызматын аяктагандан кийин, 1988-1989-жылдары Забайкальск аскердик округунда өзүнчө пулемёттук-артиллериялык батальондун пулемёттук взводунун командири болуп кызматын улантты. Андан кийин, 1989-1993-жылдары Забайкальск аскердик округунун пулемёттук-артиллериялык дивизиясынын пулемёттук-артиллериялык полкунун полумёттук ротасынын командири болду.

         Советтер Союзу жоюлгандыгына байланыштуу Мекенине кайтып келгенден кийин, 1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Чүй областындагы Кой-Таш айылында 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын 282-гвардиялык мотоаткычтар полкунун мотоаткычтар батальонун командири катары кызмат өтөдү.

         Боордош Тажикстандагы саясий туруксуздук жана жарандык согуш жылдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча, ошондой эле Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнө  КМШнын түштүк чектерин кайтаруу боюнча жардам көрсөтүү максатында, тажик-афган  чек арасын кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бириктирилген батальонунун биринчи командирлеринен болду.

         1994-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Бишкек шаарындагы өзүнчө тартип батальонунун командири.

         1995-жылы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн мыкты командири катары, фашисттик Германияга каршы II дүйнөлүк согуштагы Жеңишке арналган Париж шаарында (Франция) өткөрүлгөн расмий иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атынан катышты.

         1999-жылы, бул убакта Жалпы аскердик академияда билим алып жаткандыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугунун түштүк регионуна кирип келген Өзбекстандын Ислам кыймылынын согушчандарын жок кылууга түздөн-түз катышты.

         2000-жылы, академияны аяктап келгенден кийин Ош шаарындагы тоо мото-аткычтар бригадасынын штаб башчысы -  командиринин орун басары кызматына дайындалды.

         Ошол эле жылы, офицердин кесиптик даярдыгынан улам, ошондой эле улуттук чек ара аскерлерин түптөөгө жардам көрсөтүү максатында, Баткен областынын Исфана шаарындагы чек ара бөлүгүнүн командири, ал эми 2002-2003-жылдары Оштогу чек ара отрядынын командири болуп дайындалды.

         2003-2004-жылдары, офицер Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин “Скорпион” атайын дайындалыштагы 25-бригадасынын командирлигине дайындалган.

         2004-жылы, Түштүк аскерлер тобунун штаб башчысы – кол башчысынын биринчи орун басары кызматына которулган.

         2005-2006-жылдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайынын башчысынын орун басары катары кызмат улантты.

         2006-2007-жылдары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын башчысы.

         2007-2008-жылдары, Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайдын окуу жана илимий иштер боюнча  башчысынын орун басары.

         2009-жылдын июль айында, Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Академиясында билим алуусун аяктагандан кийин Түштүк аскерлер тобунун кол башчысы болуп дайындалды.

         2009-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары болуп дайындалды. Кыргызстандын түштүгүндөгү коомдук-саясий кырдаалдын чыңалуусу учурунда, 2010-жылдын жай мезгилинде Оштогу улуттар аралык чыр-чатак убагында жагдайды турукташтыруу боюнча аскердик операцияны жетектеген. Ушундан улам, кырдаалдын андан ары күчөп кетишине жол берилбестен, абал калыбына келтирилип, мамлекеттүүлүктүн негиздери ордуна кайтып,  Кыргызстандын көп улуттуу элинин тынч жашоосу камсыздалды.

         2010-2011-жылдары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары.

         2011-2014-жылдары, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри.

         2020-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалды.