КК ГШ башчысынын орун басарлары

Кирешеев Нурлан Исабекович

КР КК ГШ башчысынын биринчи орун басары, полковник.

1971-жылдын 3-августунда Чүй обласынын Ленин айылында туулган, кыргыз.

Алма-Ата жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын 1993-жылы аяктаган.

1993-жылдан 1999-жылга чейин 73809 аскер бөлүгүндө ар кандай кызматтарда кызмат өтөгөн.

Кыргыз Республикасынын чек ара кайтаруу Башкы кызматында командачылык кызматтарда  иштеген.

2004-жылы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын бүтүрүүчүсү.

2017-жылы РФ Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын академиясын аяктаган.

2018-жылдын август айынан тарта КР КК Кургактагы аскерлердин кол башчысынын орун басары – штаб башчысы кызматында кызмат өтөгөн.

2018-жылдын май айынан тарта КР КК Кургактагы аскерлердин кол башчысы  болуп дайындалган.

2019-жылдын 19-январынан баштап КР Прездентинин буйругу менен , КР КК ГШ башчысынын биринчи орун басары кызматында.

Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн  экинчи даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн», биринчи даражадагы  «Мыкты аскердик кызмат үчүн» жана башка медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү,  үч баланын атасы.


Чомоев  Нурлан  Нуридинович

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын  орун басары, полковник.

1973-жылы 1-январда Казакстан Республикасынын Талды-Курган облусунун Алакөл районуна караштуу Үч-Арал айылында төрөлгөн, кыргыз.

1990-1992-жылдары Алматыдагы жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайда билим алган.

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

1999-жылы Орусия Федерациясынын аскердик-дипломатиялык академиясын аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде ар түрдүү кызматтарда кызмат өтөгөн.

2004-2005-жылдары КР Коргоо министрлигинин АКШдагы Борбордук командачылыгынын штабында өкүл болгон.

2007-2008-жылдары БУУнун Косоводогу тынчтыкты сактоочу миссиясына катышат.

2009-жылдан 2015-жылга чейин КР Коргоо министрлигинин эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы болгон.

2016-жылдын январынан мартына чейин КР ККнын Генералдык штабынын эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы болот.

2016-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Буйругу менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Кынтыксыз кызмат өтөгөндүгү жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн II даражадагы «Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн», I даражадагы «Мыкты аскердик кызмат үчүн» медалдары, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин «За укрепление боевого содружества» медалы, Россия Федерациясынын Коргоо министринен «За укрепление военного сотрудничества»  белгиси жана башкалар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.